Казакстанда вакцина албаган кызматкрлерге жумушка келүүгө тыюу салынат

Казакстанда вакцина албаган кызматкрлерге жумушка келүүгө тыюу салынат. Тиешелүү токтомго өлкөнүн башкы санитардык дарыгери кол койду. Чектөөлөр ден соолугуна байланыштуу вакцина сайдырууга болбой турган жана акыркы үч айдын ичинде коронавирус менен ооруп айыккан жарандарга тиешелүү эмес. Калган эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлер жумушка келүү үчүн жумасына бир… Кененирээк…

“Үч улуттун кубогунун” алкагында өткөн беттеште Палестина Бангладешти утуп алды

“Үч улуттун кубогунун” алкагында өткөн беттеште Палестина Бангладешти утуп алды. Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, оюн 2:0 эсебинде жыйынтыкталды. Эми эртеңки беттеште кыргызстандык футболчулар Бангладештин курамасы менен кез келет. Оюн кечки саат 5,5да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Эске салсак, буга чейин аталган кубоктун алкагында биздин… Кененирээк…

Караколдо дагы бир унаа тейлөө борбору ачылды

Караколдо дагы бир унаа тейлөө борбору ачылды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы бөлүм Карасаев көчөсүндө жайгашкан жана ал эртең мененки саат 8:30дан кечки 5:30 га чейин ачык болот. Жаңы борбордон унааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча кызматтар толук көрсөтүлөт.

Кыргызстандын «D-Billions» тобу YouTube’дун «бриллиант баскычына» ээ болду

Кыргызстандын «D-Billions» тобу YouTube’дун «бриллиант баскычына» ээ болду. Учурда топтун YouTube’да 12 миллиондон ашык катталуучусу жана 11 миллиард көрүүлөрү бар. Белгилеп кетсек, «Бриллиант баскыч» 1 миллиарддан ашык кароо болгондон кийин берилет.  «D-Billions» ар кандай темада балдардын ырларын англис тилинде аткарган музыкалык топ. Ал мектепке чейинки… Кененирээк…

Бүгүнтөн тартып ордо калаадагы 7 миң 200 керектөөчүнүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт

Бүгүнтөн тартып ордо калаадагы 7 миң 200 керектөөчүнүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Кеп, карызы бар жарандар тууралуу болуп жатат. Бүгүнкү күндө дебитордук бересенин көлөмү 6,5 миллион сомго жетти, — дешти “Түндүк электр” ишканасынан. Андан белгилешкендей, жарандар карыздары тууралуу маалыматты se.kg сайтындагы «Абоненттин балансы» бөлүмүнөн биле алышат. Ал… Кененирээк…

Өзгөндө таза суу системасы жакшыртылат

Өзгөндө таза суу системасы жакшыртылат. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, жаңы долбоордун ишке кириши менен Өзгөн шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү түтүкчөлөр жаңыланып, таза суу үйлөргө чейин киргизилет. Ал үчүн саркынды сууну тазалоочу жай курулат. Ага Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынан 11 миллион евро бөлүндү. Курулуш иштерине… Кененирээк…

Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында көчөлөргө камералар орнотулууда

Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында көчөлөргө камералар орнотулууда. Учурда 11 көчө кесилиште жабдуулар пайда болду. Долбоордун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында түштүк калаанын 35 негизги кесилишинде 600дөн ашык аппараттык-программалык комплекстер пайда болот, — дешти Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан. Андан тышкары, түштүк калаада… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлөт. “Түндүк электрден” билдиришкендей, Жал кичирайонунда, Аска-Таш, Арча-Бешик конуштарында, Орто-Сай айылында жана Көлбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндө жарык жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Криштиану Роналду ханышага кол тамга берген тарыхтагы алгачкы адам болду

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II’ге кол тамга берген тарыхтагы алгачкы адам болду. Маалым болгодой, Ханыша «Манчестер Юнайтед» клубунун жетекчилигинен Роналдунун 80 футболкасын сарай үчүн сураган. Футболкага 36 жашытагы футболчу кол тамгасын түшүрүп берди. Эске салсак, «Ювентустун» мурдагы чабуулчусу Криштиану Роналду өткөн… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда жыл аягына чейин 3 жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Жалал-Абад облусунда жыл аягына чейин 3 жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Кеп, Абдукаимов атындагы 275 орундуу, Барпы айылындагы 320 жана Исаков атындагы 125 окуучуга чакталган билим берүү мекемелери тууралуу болуп жатат. Белгилеп кетсек, быйылкы окуу жылына карата облустагы мектептерди оңдоп-түзөөгө 71 миллион сом багыталды. Жалал-Абадда жалпысынан… Кененирээк…