Кыргызстанда вакцина алган мугалимдердин саны 70 пайыздан ашты

Кыргызстанда вакцина алган мугалимдердин саны 70 пайыздан ашты.

Бул тууралуу Novosti.kgге билим берүү министрлигинен билдиришти.

Андан белгилешкендей, аталган көрсөткүч өлкө боюнча жогорку окуу жайларда,

мектептерде жана бала бакчаларда иштегендер боюнча түзүлдү. Ал эми

республикада билим берүү тармагында 150 миңден ашык мугалим жана

техникалык персонал эмгектенет. Эске салсак, буга чейин жаңы окуу жылы

15-сентябрга жылдырылган. Бул мугалимдерди эмдөөдөн

өткөрүүгө жетишүү максатында кабыл алынган чара.