Италиянын футбол боюнча курамасы дүйнөлүк рекорд орнотту

Италиянын футбол боюнча курамасы дүйнөлүк рекорд орнотту. Команда дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Швейцария курамасы менен 0:0 эсебинде ойноду.

 

Муну менен италиялыктар 36 беттеш катары менен жеңиле элек. Европанын аракеттеги чемпиону акыркы жолу 3 жыл мурда Португалия курамасына Улуттар лигасынын алкагында утулган болчу.

 

Буга чейинки мындай рекорд Испания жана Бразилия футболчуларына таандык болгон.