Кыргызстанда жылдын биринчи жарымында айлыктын орточо көлөмү 19 миң 400 сомду түздү

Кыргызстанда жылдын биринчи жарымында айлыктын орточо көлөмү 19 миң 400 сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салышмырмалуу, дээрлик 8 пайызга көп.

 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

 

Анын ортосунда, инфляцияны эске алуу менен иш жүзүндө маяна 2,6 пайызга кыскарды. Комитеттен белгилешкендей, бюджеттик эмес тармактарда эмгектенгендердин айлыгы бюджеттик тармакта иштегендерден 1,6 эсеге көп.