Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы мектеп пайда болду.
Токтоян айылында жайгашкан билим берүү объектиси 150 окуучуга чакталат, — дешти
мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен. Учурда мектеп окуучуларды
кабыл алууга толук даяр. Белгилеп кетсек, долбоорду ишке ашыруунун
баасы дээрлик 50 миллион сомду түзөт.