Кыргызстанда вакцина алган жарандардын саны 1,5 миллионго жакындады.
816 миң адам биринчи дозаны алса, 611 миңи эмдөөнүн курсунан толук өттү, — деп
билдиришти саламаттыкты сактоо министрлигинен. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда
экономикалык тармакты пандемияга чейинки абалга кайтаруу үчүн
калктын 70 пайызын эмдөө керек. Бул 2 миллион 300 миң адамды түзөт.