Түнкүсүн тышкы жарыктандыруу өчүрүлүшү керек

Түнкүсүн тышкы жарыктандыруу өчүрүлүшү керек. Мындай чечим Улуттук энерго холдингде кабыл алынды.

 

Ага ылайык, кафе-ресторандар, парктар, дүкөндөр, тышкы жарнама такталары түнкүсүн тышкы жарыгын өчүрүшү керек болот.

 

Талаптын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча рейддер өткөрүлөт. Токтомдун демилгечиси Улуттук энерго холдингдин жетекчисинин орун басары Замирбек Хожомамбетов түшүндүргөндөй, бул электр энергиясын үнөмдүү колдонуу үчүн жасалууда.