Баткен облусунда кийим тигүүчү фабрика ишке киргизилди

Баткен облусунда кийим тигүүчү фабрика ишке киргизилди.

 

Ишканада 500дөн ашык адам эмгектенүүдө. Алардын басымдуусу – аялдар жана жаштар. Фабрика айына 500 миң даана кийим чыгаруу жөндөмдүүлүгүнө ээ.

 

Продукциянын сапаты эл аралык талаптарга жооп берип, компания экспортко ири буйрутмаларды дагы ала алат. Учурга карата товар коңшу мамлекеттерге сатылып баштады, эми Европа өлкөлөрүнө экспорт кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.