Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларын текшерүү боюнча чектөөлөр алынды

Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларын текшерүү боюнча чектөөлөр алынды.

 

Бул туурауу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Алмаз Шаршенбеков билдирди.

 

Анын айтымында, акыркы учурларда коомдук тамактануу жайларында уулануу учурлары көп катталууда. Анализ тастыктагандай, буга тамак-аш даярдоодо эрежелер бузулуп, кызматкерлердин жеке гигиенаны сактабагандыгы жана азык-түлүк туура эмес сакталгандыгы себеп. Эске салсак, ишкерлик субъектилерин текшерүүгө мораторий 2018-жылы киргизилген.