Шайлоо участогу алачкы ирет Венгрияда ачылды

Шайлоо участогу алачкы ирет Венгрияда ачылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим аталган өлкөдө биздин элчилик ачылганына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги тарабынан кабыл алынды.

 

Алдыдагы шайлоодо жалпысынан 29 чет мамлекетте 58 тилке ачылат. Алар Казань, Краснодар, Самара, Томск, Хабаровск, Нью-Йорк, Чикаго, Анталья, Кальяри шаарларында жайгашат. Парламент депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.