28-ноябрда парламенттик шайлоолордон тышкары, бир нече жергиликтүү кеңештердин шайлоосу дагы өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, добуш берүү Жалал-Абад облусунун 3 районунда жана Ош облусунун бир районунда уюштурулат. БШКга добуш берүүнү бардык талаптарга ылайык уюштуруу тапшырмасы берилди.
Андан тышкары, тиешелүү тапшырмаларды министрлер кабинети, район башчылары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары алды.