Шайлоодо байкоочуларга тыюу салынган нерселер айтылды

Шайлоодо байкоочуларга тыюу салынган нерселер айтылды. БШКдан  24 агенттигине билдиришкендей, добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү үчүн келгендер шайлоочуларга бюллетень бере албайт.   Добуш берүүчүнүн суранычы менен бюллетенди толтуруп же ал үчүн кол коюуга болбойт. Андан тышкары, бюллетендерди саноо процессине катышууга жана үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат.… Кененирээк…

Алмата шаарында таксист кардар унутуп калган 1,5 миллион тенгесин кайтарып берди

Алмата шаарында таксист кардар унутуп калган 1,5 миллион тенгесин кайтарып берди.   Казак басылмалары жазышкандай, 23 жаштагы таксист эки улгайган аялды жеткиргенден кийин унаасында чемодан унутулганын көргөн.   Анда 1,5 миллион тенге жана баалуу зер буюмдар болгон. Эркектин айтымында, ал чемодандын ээсин 11 күн издеп,… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында электр энергисы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында электр энергисы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Фучик, Ленская, Гагарин, Маликов, Береговая, Ахунбаев көчөлөрүндө, Ак-Ордо, Арча-Бешик, Ак-Босого, Чоң-Арык конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

“Ак илбирс” улуттук киносыйлыгынын ээлери 1-октябрда аныкталат

“Ак илбирс” улуттук киносыйлыгынын ээлери 1-октябрда аныкталат. Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыктыларды аныктоо ордо калаадагы кинотеатрлардын биринде өтөт.   Белгилеп кетсек, “Ак илбирс” улуттук киносыйлыгы быйыл 9-ирет өткөрүлөт.   Анда кинематография тармагынын мыктылары аныкталып, сыйланат. Былтыр киносыйлык пандемияга байланыштуу жылдырылган болчу.

Легендарлуу боксчу Мени Пакьяо карьерасын жыйынтыктады

Профессионалдуу бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Мени Пакьяо спорттогу карьерасын жыйынтыктап жатканын жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты. Белгилүү филиппиндик бокс жылдызы өз билдирүүсүндө бардык күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, бокс менен коштошуу жашоосундагы эң оор чечим болгонун айткан.  … Кененирээк…

Өлкөнүн түштүгүндө жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, Баткен облусунда күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү болду. Кадамжай шаарында, Пүлгөн, Котур-Булак, Жийделик, Кызыл-Булак, Таш-Кыя айылдарында 3,5 балл болсо, Кароол, Кара-Жыгач айылдарында 3 баллга, Кызыл-Кыяда 2,5 баллга жетти.   Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. Ал эми… Кененирээк…

Алайда “Тоо театрларынын биринчи фестивалы” башталды

29-сентябрда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында фестивалдын ачылышы болду. Тоо театрларынын башын бириктирген маданий иш-чара Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай театрынын 75 жылдыгына арналууда. Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын жетекчиси Алымкул Исаков бул иш-чаранын максаты аймактагы чыгармачыл топторду колдоо, элдин… Кененирээк…

УКМК Таластагы обладминистрацияда коррупциялык схеманы аныктаганын кабарлады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коррупциялык схеманы аныктады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, айрым кызматкерлер өкүлчүлүктүн имаратында жайгашкан бөлмөлөрдү коммерциялык жана коомдук уюмдарга ижарага берип, андан түшкөн каражаттарды өзү алып жүргөн.   Мындан тышкары ыйгарым укуктуу өкүлдөр үчүн… Кененирээк…