Шайлоодо байкоочуларга тыюу салынган нерселер айтылды

Шайлоодо байкоочуларга тыюу салынган нерселер айтылды. БШКдан  24 агенттигине билдиришкендей, добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү үчүн келгендер шайлоочуларга бюллетень бере албайт.

 

Добуш берүүчүнүн суранычы менен бюллетенди толтуруп же ал үчүн кол коюуга болбойт. Андан тышкары, бюллетендерди саноо процессине катышууга жана үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Эске салсак, парламент депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.