“Ак илбирс” улуттук киносыйлыгынын ээлери 1-октябрда аныкталат. Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыктыларды аныктоо ордо калаадагы кинотеатрлардын биринде өтөт.
Белгилеп кетсек, “Ак илбирс” улуттук киносыйлыгы быйыл 9-ирет өткөрүлөт.
Анда кинематография тармагынын мыктылары аныкталып, сыйланат. Былтыр киносыйлык пандемияга байланыштуу жылдырылган болчу.