Алайда “Тоо театрларынын биринчи фестивалы” башталды

29-сентябрда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында фестивалдын ачылышы болду. Тоо театрларынын башын бириктирген маданий иш-чара Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай театрынын 75 жылдыгына арналууда.

Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын жетекчиси Алымкул Исаков бул иш-чаранын максаты аймактагы чыгармачыл топторду колдоо, элдин жан дүйнөсүн байытуу экенин белгиледи.

Фестивалда өлкөнүн жети облусунан келген жана Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык-драма театрынын жамааты спектаклдерин тартуулайт.

Иш-чара 30-сентябрь күнү да уланып, күнү бою айылдыктар үчүн спектаклдер тартууланат.

Алай районундагы музыкалык-драма театры Кыргызстандагы райондук деңгээлдеги үч театрдын бири.