Легендарлуу боксчу Мени Пакьяо карьерасын жыйынтыктады

Профессионалдуу бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Мени Пакьяо спорттогу карьерасын жыйынтыктап жатканын жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү филиппиндик бокс жылдызы өз билдирүүсүндө бардык күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, бокс менен коштошуу жашоосундагы эң оор чечим болгонун айткан.

 

«Бардык күйөрмандарыма жана бул улуу спорт түрүнө ыраазымын. Мыкты көз ирмемдер үчүн рахмат. Бул нерсе мен кабыл алган эң оор чечим болду. Кыялдарыңардын артынан чуркагыла, талыкпай иштегиле жана жыйынтыгын күткүлө. Кош бол, бокс», — деп жазып калтырган ал.

Белгилей кетсек, Мени Пакьяо бокс боюнча 8 салмак категориясындагы дүйнөнүн чемпиону. Ал карьерасын 1995-жылы баштаган. Легендарлуу мушкер профессионалдуу бокста жалпы 71 беттеш өткөрүп, 62 жолу жеңишке жетишкен.