12-октябрда ордо калаанын айрым аймагында таза суу өчүрүлөт

12-октябрда ордо калаанын айрым аймагында таза суу өчүрүлөт. “Бишкек суу канал” ишканасынан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин суу Жунусалиев, Чайков, Айни, Лев Толстой, Садырбаев, Космос көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасында, Айыл чарба институтунда, Ак-Өргө, Ак-Ордо жана Теңир-Тоо конуштарында жок болот. Убактылуу өчүрүүлөр суу тосмолорун… Кененирээк…

Токмоктун көчөлөрүнө күндөн энергия алуучу көчө чырактары орнотулат

Токмоктун көчөлөрүнө күндөн энергия алуучу көчө чырактары орнотулат. Калаа мэриясынан билдиришкендей, жакынкы аралыкта 500 чырак сатып алуу пландалууда. Бул шаарга электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Буга чейин 40 көчөгө чакталган чырактар активисттер тарабынан сатып алынган. Мэриядан кошумчалашкандай, батареяларды орнотууда шаардыктардын пикири эске алынат. Кайсы жерлерге… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги 43 тез жардам унаасын сатып алат

Саламаттыкты сактоо министрлиги 43 тез жардам унаасын сатып алат. Ведомство В классындагы техникаларды алууну пландап жатат. Бул максатта 167 миллион сом багытталат. Аталган суммага медициналык жабдуулар дагы кирет. Белгилеп кетсек, буга чейин 40 тез жардам жана 70 сатитардык унааларды сатып алуу үчүн Евразия өнүктүрүү банкы… Кененирээк…

Индия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтөт

Индия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтөт. Тиешелүү меморандумга Кыргызстандын жана Индиянын тышкы иштер министрлери кол коюшту. Ага ылайык, Индия өкмөтү биздин өлкөгө социалдык чөйрөдөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 1,5 миллион доллар берет. Акча кайтарымсыз негизде ыйгарылат. Андан тышкары, эки өлкөнүн өкүлдөрү ортосунда 200 миллион доллар жеңилдетилген… Кененирээк…

Көмүргө болгон баанын өсүшү рекорд коюну улантууда

Көмүргө болгон баанын өсүшү рекорд коюну улантууда. Кыргызстанда былтыркыга салыштырмалуу кара отундун наркы орточо алганда 715 сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинен билдиришти. Эгер, кененирээк айта турган болсок, былтыркы жылдын октябрына салыштырмалуу быйыл Кербенде – 2,5 миң сомго, Жалал-Абадда – 1 миң 600 сомго,… Кененирээк…

Медербек Сыдыков Кыргызстандын футболдук союзунун президенти болуп шайланды

Медербек Сыдыков Кыргызстандын футболдук союзунун президенти болуп шайланды. Жаңы жетекчи КФСтин өткөн кезексиз жыйынында тандалганын уюмдун маалымат кызматы билдирди. Медербек Сыдыков 1982-жылы Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында туулган. Жалал-Абад Коммерциялык институтун «Мекемедеги экономика жана башкаруу» адистиги боюнча аяктап, экономист-менеджер квалификациясына ээ болгон. 2015-жылга чейин «Кыргызнефтегаз» ачык… Кененирээк…

 Барскоон—Ак-Шыйрак жолу ачылды

 Барскоон—Ак-Шыйрак жолу ачылды. Бул тууралуу Жети-Өгүз районундагы №3 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Кубаныч Муканбеткалый уулу маалымдады. Анын айтымында, 7-октябрь күнү кар жаап, бороондон улам жол жабылган. Эртеси жумушчулар техниканын жардамы менен жолду ачууга аракеттеништи. Бүгүнкү күндө жол толугу менен ачылды. Барскоон—Ак-Шыйрак жолунун 54-70-чакырыманда шамал болуп, кардын бийиктиги 80 см жеткен. Калган тилкелерде кардын бийиктиги 25-30 см болгон

Киев шаарында дүйнөдөгү эң чоң шаурма даярдалды

Киев шаарында дүйнөдөгү эң чоң шаурма даярдалды. Анын узундушу 129 метр 4 сантиметр, салмагы 200 килограммдан ашат. Аны ченеш үчүн атайын рулетка талап кылынды. Мындай ири азыкты даярдоого 120 ашпозчу тартылды.   Рекорд орнотулгандан кийин шаурма бардык көрүүчүлөргө таратылды.

Бишкекте чоң футбол борбору пайда болот

Бишкекте чоң футбол борбору пайда болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул максатта шаардын түштүк тарабынан – Токомбаев көчөсүнөн ары жерде тилке бөлүнөт.   Борборду курууга каражат бар. Бирок азырынча канча акча талап кылынары белгисиз.

Республиканын башкы трассалары кыймылга ачык

Республиканын башкы трассалары кыймылга ачык. novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, тоолуу аймактардагы жолдордо муз тоңду, бирок кыймылга чектөөлөр киргизилген жок.   Ашууларда жолчулар иштеп, кардан тазалап, инертүү материалдарды сээп жатат. Министрлик эскертет – алыскы сапарка чыккан айдоочулар сөзсүз түрдө дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында тайгактыкка… Кененирээк…