Республиканын башкы трассалары кыймылга ачык

Республиканын башкы трассалары кыймылга ачык. novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, тоолуу аймактардагы жолдордо муз тоңду, бирок кыймылга чектөөлөр киргизилген жок.

 

Ашууларда жолчулар иштеп, кардан тазалап, инертүү материалдарды сээп жатат. Министрлик эскертет – алыскы сапарка чыккан айдоочулар сөзсүз түрдө дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында тайгактыкка каршы шаймандарды салып жүрүшү керек.