Токмоктун көчөлөрүнө күндөн энергия алуучу көчө чырактары орнотулат

Токмоктун көчөлөрүнө күндөн энергия алуучу көчө чырактары орнотулат.

Калаа мэриясынан билдиришкендей, жакынкы аралыкта 500 чырак сатып

алуу пландалууда. Бул шаарга электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Буга чейин 40 көчөгө чакталган чырактар активисттер тарабынан сатып алынган.

Мэриядан кошумчалашкандай, батареяларды орнотууда шаардыктардын

пикири эске алынат. Кайсы жерлерге орнотуу керектигин тургундар өздөрү чечет.