Көмүргө болгон баанын өсүшү рекорд коюну улантууда

Көмүргө болгон баанын өсүшү рекорд коюну улантууда.

Кыргызстанда былтыркыга салыштырмалуу кара отундун наркы орточо алганда

715 сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Эгер, кененирээк айта турган болсок, былтыркы жылдын октябрына салыштырмалуу

быйыл Кербенде – 2,5 миң сомго, Жалал-Абадда – 1 миң 600 сомго, Нарында

1 миң сомго жана Баткенде – 1 миң 739 сомго кымбаттады. Ал эми Таласта

тескерисинче, тоннасы 61 сомго арзандады. Учурда өлкө боюнча эң эле

минималдуу баалар Чаек айылында – 1 тоннасы 2,5 миң сомго бааланат.

Баарынан кымбат көмүр Ноокатта – 8 миң 390 сомдон.