Барскоон—Ак-Шыйрак жолу ачылды.
Бул тууралуу Жети-Өгүз районундагы №3 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси
Кубаныч Муканбеткалый уулу маалымдады.
Анын айтымында, 7-октябрь күнү кар жаап, бороондон улам жол жабылган.
Эртеси жумушчулар техниканын жардамы менен жолду ачууга аракеттеништи.
Бүгүнкү күндө жол толугу менен ачылды. Барскоон—Ак-Шыйрак жолунун
54-70-чакырыманда шамал болуп, кардын бийиктиги 80 см жеткен.
Калган тилкелерде кардын бийиктиги 25-30 см болгон