Киев шаарында дүйнөдөгү эң чоң шаурма даярдалды. Анын узундушу 129 метр 4 сантиметр, салмагы 200 килограммдан ашат. Аны ченеш үчүн атайын рулетка талап кылынды. Мындай ири азыкты даярдоого 120 ашпозчу тартылды.
Рекорд орнотулгандан кийин шаурма бардык көрүүчүлөргө таратылды.