Легендарлуу “Үйдө жалгыз” тасмасынын жаңы версиясы тартылды

Легендарлуу “Үйдө жалгыз” тасмасынын жаңы версиясы тартылды. Ал Disney+ сервисинде көрсөтүлөт. Маалыматка ылайык, жаңы жылдын башкы тасмасы болуп калган “Үйдө жалгыздын” жаңы версиясынын мазмуну эч өзгөрүүсүз.

 

Макс аттуу 10 жаштагы баланы жакындары унутуп кетет, ал болсо үйүн уурулардан коргоого аргасыз. Кино 12-ноябрда тартууланат.

 

Эске салсак, Макколей Калкин менен “Үйдө жалгыз” тасмасына быйыл 31 жыл болду.