Парламенттик шайлоого катышкан талапкерлер күрөө акысын 18-октябрга чейин тапшырышы керек. Күрөө акысы боюнча кененирээк маалымат менен БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров бөлүшөт.
“Шайлоодо катышкан шайлоочулардын санынан 1 пайыз алган учурда бир миллион кайтарылат, бул партияларга таандык. Ал эми бир мандаттуу кругдар боюнча кайра залогду алуу үчүн талапкер 5 пайыздан кем эмес добуш алышы керек. Ошондо кайтарылат. Бир мандаттуу округ боюнча аттанган талапкерлерге 100 миң сом, ал эми партияларга 1 миллион сом”
Эске салсак, Кыргызстанда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет добуш берүү процесси аралаш система менен уюштурулат.