ЖКга депутат болом деген ниетин 387 киши билдирди

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттыгына өз талапкерлигин 387 жарандын көрсөткөндүгү боюнча маалымат келип түштү. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

 

Комиссия “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда, тагыраак айтканда, 13-октябрда саат 18:00дө аяктаарын эске салды.

 

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо үчүн документтер БШКга 18-октябрь саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.