Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Исанов, Ташкент, Шабдан баатыр, Элебесов, Буденный, Фрунзе көчөлөрүндө, 3-кичи райондо, Ала-Тоо, Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Босого, Бакай-Ата конуштарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.