Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта күндүз электр энергиясы өчүрүлбөйт

Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта күндүз электр энергиясы өчүрүлбөйт.

 

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Энергетика министрлигинен билдиришти. Ведомстводон такташкандай, белгиленген мөөнөткө чейин энергетиктер бардык оңдоо иштерин аягына чыгарышы керек.

 

Буга байланыштуу, жарык маалы менен өчүрүлбөй калат, бирок авариялык өчүрүүлөр болушу мүмкүн, — дешти министрликтен.