Мыйзамсыз көмүр сатуу фактысына айып салынат.
Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары
Жейналы Оросбаев билдиргендей, ведомствонун кызматкерлери 400гө жакын чарба
субъектилерине түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Дагы 300үнө монополдукка каршы
күрөшүү боюнча мыйзамды сактоо талаптары берилди. Эгер аларда тартип бузуулар
кайрадан кайталанса 17 миң сом айып салынат. Оросбаев белгилегендей, көмүр бир
гана отун базаларында сатылышы керек. Жеткирүүгө патенти бар,
бирок сатууга уруксааты жокторду аныктоо иштери уланууда.