Кыргызстанда банктык төлөм карталарын барынан көп Бишкекте,
Ош жана Жалал-Абад облустарында колдонулат. Аталган 3 аймакта
биригип карталардын саны 2 миллион 250 миңге жетет. Ал эми аз
колдонгондор Нарын жана Таласта 277 миңди түзөт. Улуттук статистика
комитетинин маалыматына ылайык, акыркы 5 жыл ичинде төлөм карталар
2 эсеге көбөйдү. 2020-жылдын аягында элдин колундагы картанын саны
3 миллион 300 миңге жетти. Аны менен катар банкоматтар жана
терминалдардын дагы саны өстү. Учурда өлкөдө 1 миң 800 банкомат,
12 миң төлөм терминалы бар. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда
айлык, пенсия банктык карта аркылуу берилет.