Быйыл Кыргызстандагы орточо айлык 19 миң 586 сом же 231 доллар деп белгиленди.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, быйыл январдан августка чейин
былтыркы жылдын 8 айына салыштырмалуу маяна 9,2 пайызга көбөйдү. Айлык барынан
Бишкекте жогору – 25 миң сом, Нарында — 18 миң 870 сом жана Жалал-Абадда – 18 миң 609 сом.
Ошол эле маянасы жакшы тармактар — маалымат жана байланыш – 41 миң 206 сом,
каржы ортомчулук жана камсыздандыруу – 39,5 миң сом жана кендерди казуу — 39 миң сом.
Ал эми аз маяна искусство, көңүл ачуу жана эс алуу багытында иштегендерде — 10 сом,
айыл-токой чарбасы жана балык уулоочулук — 11 миң 355 сом, саламаттыкты
сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө — 11 миң 814 сом.