Россиянын коргоо министрлиги Кыргызстандагы аскердик базаларында байланыштын жаңы тутумун орнотот

Россиянын коргоо министрлиги Кыргызстандагы аскердик базаларында байланыштын

жаңы тутумун орнотот. Бул тууралуу «Известия» басылмасы билдирди. Маалыматка караганда,

ал Борбордук Азия аймагында санариптик байланышты күчөтүү максатында орнотулат.

«Аскердик интернет» быйылкы жылдын аягына чейин жайгаштырылат. Муну менен

катар Россия өзүнүн аскердик базаларынын авиациялык байланышын дагы күчөтөт.