Москваны каптап жаткан коюу туман зыянсыз

Москваны каптап жаткан коюу туман зыянсыз.

Бул тууралуу Россиянын метеорологдору билдиришүүдө.

Тумандан улам Москвада чектөөлөр киргизилди. Алсак,

айдоочуларга жолго чыгуу сунушталбайт. Аэропорттордо

көрүү начарлап, дээрлик 150 каттам токтотулду. Ошондой эле

30 учак башка аэропортторго жөнөтүлдү. Белгилеп кетсек,

Москваны 1-ноябрдан бери коюу туман каптоодо. Өз кезегинде

шаардын айрым аймактарынын жашоочулары түтүндүн

жыты келип жатканын айтып даттанышкан.