Кыргызстанда быйылкы окуу жылындагы каникулдар 29 календарлык күндү түзөт.
Бул 5 күндүк окуу системасындагыларга тиешелүү, — дешти Билим берүү министрлигинен.
Алсак, күзгү каникул 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин 7 күнгө созулат. Кышкы каникул – 12 күн
болот — 31-декабрдан 11-январга чейин. Ал эми жазгы эс алуу – 10 күнгө созулат 21-марттан
30уна чейин. Аны менен катар 1-класстардын окуучулары үчүн 3-чейректе кошумча
эс алуу күндѳрү берилет. Эске салсак, 2021-22-окуу жылында
бардык мектептерде сабактар 8-июнда аяктайт.