Ош шаарында дагы жол кире кымбатташы күтүлүүдө

Ош шаарында дагы жол кире кымбатташы күтүлүүдө. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, шаардагы маршруттук таксилерде жол кирени 15 сомго, муниципалдык транспортто 10 сомго көтөрүү сунушталып жатат. Бул маселе учурда коомдук талкууда. Эске салсак, буга чейин Бишкектеги маршруттук таксилерде жол кире акысы 15 сом, автобус, троллейбустарда… Кененирээк…

Улуттук банктын резерви азаюуда

Улуттук банктын резерви азаюуда. Октябрдын аягында өлкөнүн башкы каржы мекемесинин алтын валюталык көлөмү 3 миллиард 150 миллион долларды түздү. Бул сентябрдагы көрсөткүчтөн 91 миллион 200 миң долларга аз. Улуттук банк октябрда 3 ирет интервенция жүргүзүп, 87 миллион 800 миң доллар саткан. Белгилеп кетсек, алтын-валюталык резерв… Кененирээк…

Чаткалда күйүүчү майдын баасы 75 сомго чыкты

Чаткалда күйүүчү майдын баасы 75 сомго чыкты. Бул абал райондогу азык-түлүктүн жана жол акынын кымбаттоосуна өзгөчө таасир берип жатат. Бул тууралуу жергиликтүүлөр аймактык кабарчыга билдирдишти. Жергиликтүү кеңештин депутаты Темирбек Исмаилов да райондо күйүүчү майга болгон баа кескин кымбаттоосу элге кыйынчылык жарата баштаганын айтат. «Ала-Букада 58-59… Кененирээк…

Бишкекке жылуу аба-ырайы кайтып келет жана ал ноябрдын ортосуна чейин сакталат

Бишкекке жылуу аба-ырайы кайтып келет жана ал ноябрдын ортосуна чейин сакталат. Синоптиктер алдын-ала болжолдошкондой, термометр мамычалары бүрсүкүндөн тартып жогорулап баштайт. Күндүз абанын табы +6 градуска чейин жогорулайт, түнкүсүн дагы суук кайта баштайт. 10-ноябрдан тартып ордо калаада жагымдуу аба-ырайы орнойт. Күндүз +15 градус болсо, түнкүсүн +5…7… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району таза суу менен камсыздалат

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району таза суу менен камсыздалат. Райондук администрациядан билдиришкендей, иштер Отрадный айылында жүрүп жатат. Аймакта  100 метр тереңдиктен суу сордурулуп чыгарылат. Андан тышкары, суу топтоочу дарбаза жана хлорлоо жайлары курулуп, айланасы курчалат. Иштердин аякташы менен аймактагы 2 миңден ашык адамдын таза суу маселеси… Кененирээк…

Ош шаарындагы Алиев көчөсүн оңдоо иштери аяктап, кыймылга ачылды

Ош шаарындагы Алиев көчөсүн оңдоо иштери аяктап, кыймылга ачылды. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, тилкенин Сүйүнбаев көчөсүнөн Джиннах көчөсүнө чейинки 1 чакырым жерине асфальт төшөлдү. Жолдун эки тарабына ирригациялык тармак жана тротуар түшүрүлдү. Аны менен катар жол белгилери чийилди. Муниципалитеттен белгилешкендей, Алиев көчөсүн оңдоодо айрым… Кененирээк…

Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы 6-ноябрда өтөт

Өзбекстанда 24-октябрда өткөн кезектеги президенттик шайлоодо 80,1% добушка ээ болуп, жеңишке жетишкен Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы 6-ноябрь — ишемби күнү өтөт. Инаугурацияга республиканын парламентинин жана өкмөтүнүн жогорку жана төмөнкү палаталарынын мүчөлөрү, ошондой эле дипломаттар катышат. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди. Иш-чара парламенттин сенатынын жасалгасы жаңыдан бүтүп… Кененирээк…

Калың туманга байланыштуу, айдоочуларга этият болуу сунушталат

Калың туманга байланыштуу, айдоочуларга этият болуу сунушталат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, трассаларды туман басып, көрүү кескин начарлады. Андан улам, айдоочулар зарыл болбосо, алыс сапарга чыгуудан баш тартып, ылдамдыкты жогорултпай жүрүү кажет. Жөө жүрүүчүлөр болсо, жолду тиешелүү тилкелерден гана, жол чырактын кызыл түсүнө… Кененирээк…

Өзгөн районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Өзгөн районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул жерге жергиликтүү калк унааны каттоо же айдоочулук күбөлүктү алуу боюнча кайрыла алышат. Андагы кызматтар 8 терезеден көрсөтүлөт, ошондой эле зал көзөмөл камералары менен жабдууланды. Түйүн Шералы айылынын Ахматов көчөсүндө жайгашат.

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону аталды. Биздин спортчу финалда 76 килограмм салмакта колумбиялык атлет менен кез келип, аны 3:1 эсебинде жеңип алды. Медет кызы финалга чейин америкалык, экватордук жана индиялык спортчуларды жеңген. Учурда дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтүп… Кененирээк…