Өзбекстанда 24-октябрда өткөн кезектеги президенттик шайлоодо 80,1% добушка ээ болуп, жеңишке жетишкен Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы 6-ноябрь — ишемби күнү өтөт.
Инаугурацияга республиканын парламентинин жана өкмөтүнүн жогорку жана төмөнкү палаталарынын мүчөлөрү, ошондой эле дипломаттар катышат. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди.
Иш-чара парламенттин сенатынын жасалгасы жаңыдан бүтүп жаткан жаңы имаратында өтөт. 2016-жылы салтанаттуу иш-чара Мыйзам чыгаруу палатасынын имаратында өткөн.
24-октябрда Өзбекстанда өткөн президенттик шайлоого шайлоочулардын 80,8 пайызы катышып, өлкөнүн азыркы президенти Ш. Мирзиёев 80,1% добуш менен жеңишке жеткен.