Өзгөн районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык,
бул жерге жергиликтүү калк унааны каттоо же айдоочулук күбөлүктү
алуу боюнча кайрыла алышат. Андагы кызматтар 8 терезеден көрсөтүлөт,
ошондой эле зал көзөмөл камералары менен жабдууланды.
Түйүн Шералы айылынын Ахматов көчөсүндө жайгашат.