Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону аталды.

Биздин спортчу финалда 76 килограмм салмакта колумбиялык атлет менен кез келип, аны 3:1 эсебинде

жеңип алды. Медет кызы финалга чейин америкалык, экватордук жана индиялык спортчуларды жеңген.

Учурда дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Буга чейин Айпери Медет кызы

октябрда Ослодогу чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынса,

Токио Олимпиадасында 5-орунга татыган.