Чаткалда күйүүчү майдын баасы 75 сомго чыкты

Чаткалда күйүүчү майдын баасы 75 сомго чыкты. Бул абал райондогу азык-түлүктүн жана жол акынын кымбаттоосуна өзгөчө таасир берип жатат. Бул тууралуу жергиликтүүлөр аймактык кабарчыга билдирдишти.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Темирбек Исмаилов да райондо күйүүчү майга болгон

баа кескин кымбаттоосу элге кыйынчылык жарата баштаганын айтат.

«Ала-Букада 58-59 сом, бизге келгенче 75 сомго чыгып кетип жатат. Чаткалдан Бишкекке

эл 1400 сомдон каттап жүрүшсө, азыр 2000 сомго чыкты. Бааны карагандар каякты карап отурушат?

Карапайым калк кыйнала баштады», — деди ал.

Жергиликтүүлөр алыскы, шарты катаал аймакта жашаган эл кыйынчылык тартарын, бийликти бааны көзөмөлдөөнү сурана башташты.

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин айтымында, акыркы бир аптада күйүүчү май 75 сомго чейин чыкты. Бул абалдан улам райондогу май куюучу жайлардын ээлери менен жолугушкан. Бааны төмөндөтүү боюнча тийиштүү тараптарга кайрылып жатат.

«Май куюучу жайлардын ээлери күйүүчү майга болгон таңкыстыкты, Ала-Букадан кымбат баада алып жатышканын айтышты. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Фархат Кегебаевдин айтымында, күйүүчү майды жөнгө салуу боюнча өкмөттүн чечими жок.

«Өкмөттүн №243 токтому бар. Анда социалдык маанидеги товарлардын тизмеси бекитилген. Эгер бир ай ичинде дал ошол социалдык маанидеги товарлардын тизмесине кирген товарлар 20 же андан жогору пайызга кымбаттаса, өкмөт жөнгө салууга укугу бар. Күйүүчү май деле социалдык маанидеги товарга кирет. Октябрь айында көмүргө болгон баа бекилген. Күйүүчү майга андай чектөө жок. Маселе, Чаткалда көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сомго чейин болушу керек. 2019-жылдагы өкмөттүн токтомун караганда, райондук мамлекеттик администрациялар, шаар мэриялары социалдык маанидеги товарларга мониторинг жасап, иш жүргүзүп туруулары керек. Кымбаттаса, жөнгө салуу боюнча сунушту жергиликтүү бийлик өкмөткө берет», — деди ал.

Эске салсак, Чаткал районунда калктын саны 29 миңден ашат.