Ош шаарындагы Алиев көчөсүн оңдоо иштери аяктап, кыймылга ачылды

Ош шаарындагы Алиев көчөсүн оңдоо иштери аяктап, кыймылга ачылды.

Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, тилкенин Сүйүнбаев көчөсүнөн

Джиннах көчөсүнө чейинки 1 чакырым жерине асфальт төшөлдү. Жолдун эки тарабына

ирригациялык тармак жана тротуар түшүрүлдү. Аны менен катар жол белгилери чийилди.

Муниципалитеттен белгилешкендей, Алиев көчөсүн оңдоодо айрым кемчиликтер

болгондуктан, калаа башчысы тиешелүү жетекчилерге оңдоо тапшырмасын берди.