Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району таза суу менен камсыздалат

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району таза суу менен камсыздалат.

Райондук администрациядан билдиришкендей, иштер Отрадный

айылында жүрүп жатат. Аймакта  100 метр тереңдиктен суу сордурулуп чыгарылат.

Андан тышкары, суу топтоочу дарбаза жана хлорлоо жайлары курулуп, айланасы курчалат.

Иштердин аякташы менен аймактагы 2 миңден ашык адамдын таза суу маселеси

чечилет. Бул максатта республикалык бюджеттен 26 миллион сом жумшалат.