Улуттук банк сый акы берүү максатында сурамжылоо жүргүзгөн жок

Улуттук банк сый акы берүү максатында сурамжылоо жүргүзгөн жок. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси соцтармактагы маалыматтарга карата комментарий берди.  Жарандар WhatsApp же Telegram аркылуу келген шилтемелерге кирбеши керек. Ошондой эле өзүнүн жана картасынын маалыматын эс кимге берүүгө болбойт. Келген билдирүүнү өчүрүп, аны башкаларга таратпоо сунушталат. Улуттук… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда тигүү цехи ачылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда тигүү цехи ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, өндүрүштүн ишке кириши менен жергиликтүү тургундар үчүн 60 жаңы жумуш орду түзүлдү. Цехтин кошумча корпусун куруу иштери аяктагандан кийин дагы 150 жабдуу орнотулуп, 200гө жакын адам жумуш менен камсыздалат.

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу пландалууда

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди. Анын айтымында, учурда аскер кызматкерлери 1 ай кызмат өтөсө, анда алардын маянасы кызмат өтөгөн жерине карабастан 1,5 ай катары төлөнөт. Кооптуу аймактарда кызмат өтөгөндүгү үчүн кошумча 1 миң сом төлөнөт. Айлыкты эки… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан өткөрүү түйүндөрү салык кызматынын ыкчам башкаруусуна өтөт

Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан өткөрүү түйүндөрү салык кызматынын ыкчам башкаруусуна өтөт. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев билдиргендей, министрлер кабинетинин алдында бюджетти 280 миллиард сомго көбөйтүү тапшырмасы коюлган. Андан улам, ушундай чаралар көрүлүүдө. Чиновник белгилегендей, «Жыйынды пост» системасы 10 айдан бери иш жүргүзүүдө, ал… Кененирээк…

Бүгүн кыргызстандыктар добуш берүүчүлөр тизмесинен өздөрүн текшерип алууга акыркы күн

Бүгүн кыргызстандыктар добуш берүүчүлөр тизмесинен өздөрүн текшерип алууга акыркы күн. БШК маалыматына ылайык, муну tizme.gov.kg сайтында, шайлоо тилкелеринде же 119 кыска номери аркылуу кылса болот.   Эгер жеке маалыматта кандайдыр бир каталар болсо, анда жарандар арыз менен комиссияга кайрылышы керек. 18-ноябрда добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси… Кененирээк…

Сентябрда эмгек мигранттары Кыргызстанга 295,5 миллион доллар которду

Сентябрда эмгек мигранттары Кыргызстанга 295,5 миллион доллар которду. Адаттагыдай эле, сумманын басымдуу бөлүгү, же 290 миллион доллары Россиядан келди.   Мындай маалымат менен Улуттук банк бөлүштү. Бир ай мурдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу, чет мамлекеттерден келген каражат 22 пайызга же 53,5 миллион долларга көбөйдү. Белгилеп кетсек, жыл… Кененирээк…

Японияда өзгөчө сорттогу курма рекорддук баага сатылды

Японияда өзгөчө сорттогу курма рекорддук баага сатылды. Болгону 2 даана мөмө 6 жарым миң долларга аукциондон кетти. Курманы мындай кымбат баага ким сатып алганы такталбайт.   Маалым болгондой, курмадагы кумшекердин деңгээли Брикс шкаласы менен 25 градусту түзөт, ал эми кадимки курмада ал 16 градустан ашпайт.… Кененирээк…

Бишкекте 5 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкекте 5 күнгө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 15-19-ноябрь аралыгында көгүлтүр от Логвиненко, Коллективная, Элебесов, Курманалиев көчөлөрүндө, Төмөнкү Ала-Арча айылында, Красный строитель, Кайыңды, Эне-Сай, Чалбай конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Ошто 140 аз камсыздалган үй-бүлөгө акысыз көмүр таратылды

Ошто 140 аз камсыздалган үй-бүлөгө акысыз көмүр таратылды. Түштүк калаа мэриясы жеке ишкерлердин жана инвесторлордун колдоосу менен 140 тонна кара отун сатып алып, ар бир үй-бүлөгө 1 тоннадан тапшырды.   Муниципалитеттен белгилешкендей, жакынкы күндөрү тургундарга дагы 154 тонна көмүр таратылат.

19 өзүн өзү жылдырган талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

19 өзүн өзү жылдырган талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. БШК маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлигин жылдыргандардын саны 302ни түзөт.   Эң көп талапкерлер Чүй облусуна туура келет – 61. Андан кийин 50 адам менен Ош облусу турат. Талапкерлердин саны… Кененирээк…