Бүгүн кыргызстандыктар добуш берүүчүлөр тизмесинен өздөрүн текшерип алууга акыркы күн

Бүгүн кыргызстандыктар добуш берүүчүлөр тизмесинен өздөрүн текшерип алууга акыркы күн. БШК маалыматына ылайык, муну tizme.gov.kg сайтында, шайлоо тилкелеринде же 119 кыска номери аркылуу кылса болот.

 

Эгер жеке маалыматта кандайдыр бир каталар болсо, анда жарандар арыз менен комиссияга кайрылышы керек. 18-ноябрда добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси жарыяланат. Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.