Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда тигүү цехи ачылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда тигүү цехи ачылды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,

өндүрүштүн ишке кириши менен жергиликтүү тургундар үчүн

60 жаңы жумуш орду түзүлдү. Цехтин кошумча корпусун куруу

иштери аяктагандан кийин дагы 150 жабдуу орнотулуп,

200гө жакын адам жумуш менен камсыздалат.