19 өзүн өзү жылдырган талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

19 өзүн өзү жылдырган талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. БШК маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлигин жылдыргандардын саны 302ни түзөт.

 

Эң көп талапкерлер Чүй облусуна туура келет – 61. Андан кийин 50 адам менен Ош облусу турат. Талапкерлердин саны боюнча үчилтикти Жалал-Абад бекитет – 46. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.