Бишкек мэриясы калаадагы жашыл аймактарды көбөйтүүдө

Бишкек мэриясы калаадагы жашыл аймактарды көбөйтүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, ден-соолук эс алуу багында 120 жаш көчөттөр пайда болду. “Бишкек жашылдандыруу” ишканасынын башкы агрономунун макулдугу менен каштан дарактары отургузулду. Мэриядан белгилешкендей, бактарды масштабдуу түрдө отургузуу мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулду

Ордо калаанын Манас көчөсүндө жайгашкан Чоң Чүй каналындагы көпүрө алынат

Ордо калаанын Манас көчөсүндө жайгашкан Чоң Чүй каналындагы көпүрө алынат. Капиталдык курулуш башкарамалыгы анын ордуна унаалар өтө турган көпүрө курууну пландап жатат. Долбоор боюнча реконструкциядан кийин көпүрөнүн узундугу 36,5 метрди, туурасы 11 метрди түзөт. Эки тарабына тротуар салынат. Планга ылайык иштер кийинки жылы аяктайт. Белгилеп… Кененирээк…

Бүгүн, 12-ноябрь күнү Талас облусунда эттин баасы арзандады

Бүгүн, 12-ноябрь күнү Талас облусунда эттин баасы арзандады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга сатуучулар билдирди. «Бүгүнкү күндө уй этинин килограммы 420-430 сомдон сатылып жатат. Жайында кымбат болуп, 450 сомго чейин чыккан. Азыр мал тоодон түшүп, семиз мал көп болгондуктан, баасы бир аз арзан болуп, эттин дагы… Кененирээк…

Октябрда мөмө-жемиштердин баасы 7,9%га кымбаттады

Ушул жылдын октябрь айында өткөн айга салыштырмалуу жалпысынан республика боюнча мөмө-жемиштердин баасы 7,9 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. Баалардын эң жогорку индекси Чүй облусунда (32,6%га) байкалууда. Жалал-Абад облусунда мөмө-жемиштердин баасы 14% кымбаттады. 6,5%га — Баткен облусунда. Талас облусунда мөмө-жемиштер 2,6%га кымбаттады. Эң… Кененирээк…

Социалдык фонддун төрагасынын орун басарлары алмашты

Теңизбек Абжапаров менен Гүлнура Жуматаева кайрадан Социалдык фонддун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Tazabek′ке аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди. Т.Абжапаров Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалганы белгилүү болду. Ошондой эле Улан Жума уулу Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү… Кененирээк…

«Алтын казына» ресторанында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Чүй облусунун Лебединовка айылындагы Жеңиш (Победа) проспектисинде жайгашкан «Алтын казына» ресторанында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. ӨКМ билдиргендей, саат 14:37де өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүм тартылган. Саат 15:08де өрт өчүрүүчүлөр ресторандын чатырынан чыккан өрттү чектөөгө алган. Саат 16:10до өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Бишкекте ата-энесинен ажыраган алты балага батир берилди

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жетим балдардын укуктарын коргоого багытталган мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарда текшерүү жүргүзүлдү. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынан кабарлашандай, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясы тарабынан мыйзам талаптары бузулуп, мурасталган кыймылсыз мүлктү аныктоо жана турак-жайга муктаж болгон… Кененирээк…

Кыргызстанда калкты каттоону өткөрүүгө коронавирус боюнча 2 суроо киргизилди

Кыргызстанда калкты каттоону өткөрүүгө коронавирус боюнча 2 суроо киргизилди. Улуттук статистка комитетинен билдиришкендей, сурамжылоонун катышуучуларына COVID-19 менен ооругансызбы? Жана Стационарга кайрылгансызбы? Деген суроолор берилет. Ошондой эле калктын миграциясы, жашап жаткан турак жайда жылуулук бар же жоктугу, респонденттин чет өлкөдө 1 жылдан ашык жүргөн жакындары барбы… Кененирээк…

Американын Алабама шаарында тарыхтагы эң кичинекей бала ара төрөлдү

Американын Алабама шаарында тарыхтагы эң кичинекей бала ара төрөлдү. Кертис Зай-Кит Минс 2020-жылы июлда энесинин курсагынан 21-жумасында эле туулган. Ымыркай 420 грамм салсакта жарык дүйнөгө келген. Бул болжол менен футбол тобунун салмагына барабар. Дарыгерлер ымыркайдын жашап кетишине бир пайыз мүмкүнчүлүк бар экенин айтышкан. Бирок бактыга… Кененирээк…

Бишкекте жол эрежесин бузуудан бюджетке 84 миллион сомдон ашык түштү

Бишкекте жол эрежесин бузуудан бюджетке 84 миллион сомдон ашык түштү. Маалымат быйыл январдан октябрга чейин деп билдиришти милициянын кайгуул кызматынан. Жалпысынан аталган мөөнөт аралыгында 200 миңден ашык протокол түзүлдү. Барынан көп эреже бузуу – мас абалда рулга отуруу жана айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдоо боюнча.… Кененирээк…