Мамлекеттик органдарга көмүрдүн баасын арзандатуу тапшырмасы берилди

Мамлекеттик органдарга көмүрдүн баасын арзандатуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин башчысы Кеңешбай Тайлаков билдирди.   Анын айтымында, министрлер кабинети тарабынан мындай тапшырма Ички иштер министрлигине, Монополдукка каршы күрөшүү агенттигине жана “Кыргыз көмүр” ишканасына берилди.   Мамлекеттик органдар бул багытта иштерди күчөтүшү… Кененирээк…

Кыргызстанда бензин жетишсиз деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда бензин жетишсиз деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди.   Анын айтымында, май куюу станцияларында белгиленген суммага гана бензин куйса болот деген жок. Учурда мунай ташуучуларда отундун бир айлык запасы бар.   Эске салсак, буга чейин… Кененирээк…

Таласта алты жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп каалагасын ачуу алдында турат

Таласта алты жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп каалагасын ачуу алдында турат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Талас районунун Арал айылындагы Касымкул Нанаев атындагы мектепти ушул жылдын аягына чейин ачып, билим берүү процессин баштоо пландалууда. 107 миллион… Кененирээк…

АКШда Apple компьютеринин алгачкы модели аукциондо 400 миң долларга сатылды

АКШда Apple компьютеринин алгачкы модели аукциондо 400 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалым болгондой, техниканы 1976-жылы компаниянын негиздөөчүлөрү Стив Возняк менен Стив Жобс гаражда чогулткан.   Кызыгы, 42 жыл мурда чыгарылган компьютер дагы эле иштеп жатат. Белгилеп кетсек, башында компьютерди 600… Кененирээк…

Түркияда кыргыз тасмалары көрсөтүлүүдө

Түркияда кыргыз тасмалары көрсөтүлүүдө.   «Коркут ата — Tүрк дүйнөсү» кинофестивалынын жана Kыргыз кинематографиясынын 80 жылдыгынын алкагында Стамбул шаарында ушул күндөрү Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган — «Кызыл алма», «Эрте келген турналар», «Ак кеме» жана «Саякбай» сыяктуу тасмалар түрк көрүүчүлөргө сунушталат.   Алгачкы ирет уюштурулган… Кененирээк…

Кыргызстан курамасы Сингапурдун футболчуларын жеңди

Кыргызстан курамасы Сингапурдун футболчуларын жеңди. Шарджа шаарында өткөн достук беттеш 2:1 эсебинде жыйынтыкталды. Кыргызстан биринчи мүнөттө эсепти ачты.   Айзар Акматов Фархат Мусабеков өткөрүп берген топту башы менен дарбазага киргизди. Оюндун тогузунчу мүнөтүндө кыргызстандык Эрнис Батырканов экинчи гол менен өзгөчөлөнүп, курамага жеңиш алып келди.

Кыргызстанда мектеп ашпозчулары арасында сынак өтүп, мыктысы аныкталды

Кыргызстанда мектеп ашпозчулары арасында сынак өтүп, мыктысы аныкталды.  57 катышуучунун арасынан Талас облусунун мектептеринин биринде окуучулардын курсактарын тойгузуп келген Назгүл Алыбаева жеңишке жетти.   Анын жеке рецебине таандык быштак кошулган оромосу өзгөчө аталды. Кызыгы бул кальцийге бай тоюмдуу аштын бир порциясынын баасы 12 сомду гана… Кененирээк…

Бишкектин дагы бир көчөсү оңдоо иштерине жабылат

Бишкектин дагы бир көчөсү оңдоо иштерине жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, 12-16-ноябрь аралыгында Архитекторлор көчөсүнүн Профессор Зима менен кесилишкен жери убактылуу тосулат. 2 чакырымдан ашкан тилкеде асфальттын жаңы катмары төшөлөт.   Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Кыргыз жана Чүй-14 көчөлөрү сунушталат.

“Кыргыз темир жолу” россиялык компаниядан 100 даана үстү ачык вагон сатып алат

“Кыргыз темир жолу” россиялык компаниядан 100 даана үстү ачык вагон сатып алат. Анын 50сү үстүбүздөгү жылдын аягына чейин, калганы 2022-жылдын биринчи кварталында келет деп пландалууда, — дешти мамлекеттик ишканадан.   Белгилеп кетсек, буга чейин “Кыргыз темир жолу” өз каражатынын эсебинен 20 чакырым темир жолду оңдоо… Кененирээк…

Кыргызстанга Түркмөнстандан электр энергиясы жеткирилип баштады

Кыргызстанга Түркмөнстандан электр энергиясы жеткирилип баштады.  Транзит Өзбекстан аркылуу ишке ашып жатат. Маалыматка ылайык, Түркмөнстандан алынып жаткан электр энергиясынын баасы 2 сомдун тегерегинде.   Керектөөчүлөр үчүн коюлуучу нарк азырынча белгисиз. Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам, Энергетика министрлиги электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда.   5-ноябрдан тартып… Кененирээк…