Японияда өзгөчө сорттогу курма рекорддук баага сатылды

Японияда өзгөчө сорттогу курма рекорддук баага сатылды. Болгону 2 даана мөмө 6 жарым миң долларга аукциондон кетти. Курманы мындай кымбат баага ким сатып алганы такталбайт.

 

Маалым болгондой, курмадагы кумшекердин деңгээли Брикс шкаласы менен 25 градусту түзөт, ал эми кадимки курмада ал 16 градустан ашпайт. “Тэнкафубу” сортундагы курма 2016-жылы чыгарылып, анда 3 миң долларга сатылган.