Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөө киргизүү уланууда

Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөө киргизүү уланууда. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт трассасынын 132-чакырымында таштарды атайлап түшүрүү иштери аткарылат.

 

Буга байланыштуу, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин унаалар бир тараптуу гана өткөрүлөт.

 

Бул аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.