Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү түйүндөрү Салык кызматынын ыкчам башкармалыгына өткөрүлүп берилет

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү түйүндөрү Салык кызматынын ыкчам башкармалыгына өткөрүлүп берилет.   Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Арзыбек Кожошевдин айтымында, 10 айдан бери иштеп жаткан “Бириккен пост” системасы жумуштун сапатын жогорулатканы менен бир катар маселелерди дагы аныктады.   Алсак, импорттоочулар салык төлөөдөн качып республика аймагына… Кененирээк…

Синоптиктер Кыргызстанда келе жаткан кыш кандай боло турганын айтып беришти

Синоптиктер Кыргызстанда келе жаткан кыш кандай боло турганын айтып беришти. Жылдын суук мезгили кескин алмашуулар менен эсте калат, — дешет адистер. Маалыматка ылайык, аба табы нормадан бир аз жогору болушу күтүлөт, болжол менен 2-4 градуска.   Ызгардуу суук күндөр көпкө созулбайт, бирок катуу болот.

Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында кар жаап, жолдор тайгак болгондуктан, коопсуздук максатында ушундай чечим кабыл алынды.   Тилкелерди кардан тазалоо үчүн бардык зарыл атайын техника тартылды.… Кененирээк…

Бишкектеги Республикалык диагностикалык борбор балдар ооруканасына өзгөртүлөт

Бишкектеги Республикалык диагностикалык борбор балдар ооруканасына өзгөртүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеев билдирди.   Анын айтымында, тиешелүү буйрукка ведомство жетекчиси кол койду, керектүү анализ жүргүзүлгөн. Ал эми борбордун кызматкерлери Улуттук госпиталга которулат.

Парламенттик шайлоодо жарандар бир гана ID-картасы менен добуш бере алат

Парламенттик шайлоодо жарандар бир гана ID-картасы менен добуш бере алат.   Бул тууралуу БШКдан эске салышты. Комиссиядан такташкандай, өздүктү тактаган башка документтер – айдоочу күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана аскер билети добуш берүүгө жарабайт. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди.   Добуш берүү… Кененирээк…

Республикада көмүрдүн орточо баасы бир айда 15  пайызга кымбаттады

Республикада көмүрдүн орточо баасы бир айда 15  пайызга кымбаттады. Октябрга салыштырмалуу, 11-ноябрда кара отундун бир тоннасынын наркы 5 миң 943 сомго жетти.   Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети берди. Учурда көмүр эң кымбат Ноокатта – 10 миң сом. Эң арзан Чаек айылында, бул жерде тургундар… Кененирээк…

Маматалиев Кадр кызматынын директорлугунан бошотулду

Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугунан бошотулду. Буга байланыштуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.   2021-жылдын октябрь айында келген Министрлер кабинети өкмөттүн түзүмүн кайра өзгөрткөн. Анда Мамлекеттик кадр кызматы жоюлуп, анын ордуна Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик… Кененирээк…

Азия өнүктүрүү банкы «Алматы-Ысык-Көл» альтернативалык унаа жолунун курулушун колдойт

Азия өнүктүрүү банкы «Алматы-Ысык-Көл» альтернативалык унаа жолунун курулушун колдойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев менен банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору менен жолугушууда белгилүү болду. Анда долбоордун техникалык, каржы, экономикалык маселелери талкууланды. Эске салсак, Кыргызстан жана Казакстан «Алматы-Чолпон-Ата» трассасын куруу боюнча алгачкы… Кененирээк…

Жогорку Кеңешти шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн тизмеси такталды

Жогорку Кеңешти шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн тизмеси такталды. БШКнын маалыматына ылайык, бир мандаттуу округдарда 3 миллион 621 миң 751 шайлоочу катталды. Ал эми өлкө боюнча жалпысынан 3 миллион 699 миң 46 жаран добуш бере алат. Эске салсак, парламент депутаттарын шайлоо 28-ноябрда аралаш системада өтөт. Бул… Кененирээк…

«Түндүк электр» эртеңден тартып карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгын аралыктан өчүрөт

«Түндүк электр» эртеңден тартып карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгын аралыктан өчүрөт. Ишканадан белгилешкендей, Бишкекте 4,5 миң абонент 12 миллион сом бересе. Электр энергиясы үчүн карызы бар керектөөчүлөр эсептерин «Түндүк электр» тиркемесинен жана компаниянын сайтындагы «Абоненттин балансы» бөлүмүнөн билсе болот. Төлөмдөрдү электрондук капчык, терминал, банк кассалары жана… Кененирээк…