Кыргызстанда 13 статс-катчы кызматынан бошотулду

Кыргызстанда 13 статс-катчы кызматынан бошотулду. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Аталган чечим “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам күчүнө киргендигинен улам кабыл алынды.

 

Буга чейин президенттик администрация статс-катчылардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгында бул институттар натыйжалуулугун көрсөтө алган эмес деген тыянак чыгарган. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 29-октябрда кол койгон.